Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын эки регионунда COVID-19 инфекциясы менен катталган жаңы учурларынын саны дагы деле азайган жок

Кубатбек Боронов бул боюнча тынчсыздануусун билдирди

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы көрүлүп жаткан чараларды күчтөндүрүүгө бурду.

«Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Аталган облустарда ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жкшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш. Күз мезгилине карата өлкөдө медикаменттердин тийиштүү запасы болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча кампанияны жүргүзүү маселеси турат», - деди Өкмөт башчы.

КР ӨКМӨТҮнүн басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх