Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери башталды

Кытай тараптын өкүлүнүн айтымында долбоорду кечеңдетүү дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга, ошондой эле чек аралардын жабылышына байланыштуу.

2020-жылдын 21-августунда, «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи баскычын ишке ашыруу алкагында Бишкек шаарында Б. Алыкулов - И. Ахунбаева көчөлөрүнүн кесилишинде "Перекресток" стационардык аппараттык-программалык комплексин куруу-монтаждоо иштери башталды. 

Эске сала кетсек 2019-жылдын 8-октябрында сынактын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын" SCITC" компаниясы жана "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd "компаниясы Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшкан.

Мындан тышкары, "Коопсуз шаарды" экинчи этапты өз убагында ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын ММКлары, министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" компаниясынын кызматкерлерине Кыргызстанга чартердик рейс менен барууга жардам беришти.

Кытай тараптын өкүлүнүн айтымында долбоорду кечеңдетүү дүйнөдөгү эпидемиялык кырдаалга, ошондой эле чек аралардын жабылышына байланыштуу, алардын адистери Кытайдан Кыргызстанга уча албай калышына байланыштуу .

Бүгүнкү күндө Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd уруксаттардын бир бөлүгүн (топографиялык сүрөткө түшүрүү, инженердик-техникалык шарттар ж.б.) Бишкек шаарында 38 даана, Токмоку шаарында - 6даана жана Ош шаарында - саны 35 даана бөлүп берди. Жогорку ылдамдыктагы пункттар үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль жолдору департаменти аппараттык жана программалык тутумдарды орнотууга колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашты.

Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыйт, анын ичине : 7 облус, 2 шаар, 15 облустук жана райондук  шаарлар, 73 калктуу конуштар кирет. Долбоордун экинчи этабынын алкагында 306 пунктту (266 стационардык жана 40 мобилдик) аппараттык жана программалык комплекстер менен жабуу пландаштырылууда.

КР МТЖБМК басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх