Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургдан Ош шаарына Кыргызстандын 171 жараны учуп келди

Кыргыз Республикасынын жарандары "Урал" авиакомпаниясынын чартердик рейси менен учуп келишти

Бүгүн, 2020-жылдын 24-августунда «Уральские авиалинии» авиакомпаниянын чартердик каттамы Екатеринбургдан Ошко 171 Кыргызстандын жараны менен учуп келди , анын ичинде балдар да бар .

Ошко Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Магнитогорск, Курган, Пермь жана башка шаарлардан ар кандай оорулар менен ооруган жарандар, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана кичинекей балдары бар энелер, мекенине кайтууга муктаж болгон жарандар  жеткирилди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген кыргыз жарандарынын арыздарын  эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле, ушул категориядагы адамдар учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Урал аба жолдорунун рейстери үчүн авиа билеттерди сатып алышкандыгы эске алынды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх