Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл турфирмасынын ээси: Пайда тапкан жокпуз. Кышында биз жөн эле ачкадан өлөбүз

Пансионаттар ашканаларын жана барларын жапканга туура келди. Чакан конок үйлөрдүн ээси өзүлөрү үй тазалагыч жана эшик шыпыргыч болуп калышты

Быйыл Ысык-Көл облусунда эч ким акча тапкан жок, ал тургай чыгымдарды жабууга акча жетишпейт. Өтүп жаткан туристтик сезондун мындай жыйынтыктары менен Чолпон-Ата туристтик фирмасынын директору Кубан Команов бөлүштү.

"Биз келтирилген зыяндын масштабын эсептей элекпиз, бирок эч кандай пайда жок экени ансыз деле белгилүү", - деп нааразы болду ал. - Буга чейин биздин туристтик агенттикте 10дон ашык адам иштесе, быйыл экөөбүз болдук. Жана көптөгөн туристтик фирмалар дагы ачыла элек. Ушундай эле көрүнүш пансионат жана эс алуу үйлөрү менен болгон. Июнь жана июль айларында такыр жумуш болгон жок, август айында бир нече адам гана келди.

Редакциянын маектеши өткөн жылы гана ички туризм өнүгө баштагандыгын, бирок пандемия баарын жокко чыгаргандыгын айтты.

"Бул жайда бизге негизинен Бишкектиктер гана келишти, бирок алар арзан эс алышты", - деп белгиледи ал. - Көптөгөн эс алуу үйлөрүндө баа минимумга чейин төмөндөтүлдү. Пансионаттар ашканаларын, барларын жаап, жалданган жумушчулардын санын бир топ кыскартууга аргасыз болушкан. Кичинекей конок үйлөрдүн ээлери өздөрү т тазалык кызматкери болушту, адамдарды жалдаганга акча жок.

Команов кошумчалагандай пансионаттын ээлери гана эмес, Ысык-Көл облусунун бардык эли экономикалык жактан жабыркаган.

"Козу карын терүүчүлөр, аарычылар, багбандар, сувенирлерди жасоочулар жана башкалар туристтер аркылуу акча тапкандар", - деп түшүндүрдү ал. - Каракол шаарында таптакыр кыйын, ал жакка чет өлкөлүк жарандар көп саякатташкан - экстремалдык спортту сүйүүчүлөр, эми чек аралар жабык. Кантип жашайбыз жана кийинки сезонго даярданууга канча каражат сарптаарыбызды билбейбиз. Кышында ачкадан өлүп калабызго.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх