Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында 66 жылытуучу казандардын 62си кышка даяр

Бардык оңдоо жана техникалык тейлөө иштери артта калбастан график боюнча жүрүп жатат

Бишкек шаарынын коммуналдык ишканасы  2020-2021-жылытуу мезгилине жигердүү даярданып жатышат.

Мектептерди жана бала бакчаларды, ошондой эле шаар тургундарынын үйлөрүн жылуулук менен камсыз кылуу үчүн, "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын от казандарында оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүрүп жатат.

28-августка карата бардык жумуштар график боюнча жүргүзүлүп, 62 казан жылыткычта оңдоо иштери жүргүзүлүп, алардын ичинен 32 си мектептерди жана бала бакчаларды жылуулук менен камсыз кылууда.

Көмөкчү шаймандар, насостор, желдеткичтер, өчүрүүчү клапандар, приборлор (контролдоо жана өлчөө шаймандары) тартипке келтирилген, ошондой эле от казандын имаратын электрдик жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Күз-кыш мезгилине даярдык иштери ишкананын директору Байымбет Байгараевдин көзөмөлү астында уланууда.

Ишкана 624 турак жай имаратын, 12 медициналык объект, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 университет, 26 башка бюджеттик мекемелер жана 193 башка керектөөчүлөрдү камтыйт.

Урматтуу жарандар! "Бишкекжылуулукэнерго" ККда ишеним телефондору иштейт:

Абоненттерди тейлөө: 212847;

Эсептешүү бөлүмү: 212845;

Жылуулук энергиясын өлчөө жана ысык суу көрсөткүчтөрү: 492535, 212804.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх