Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эгемендүүлүк күнүндө "Ала-Тоо" аянтында шаардыктар эки тонна таштанды таштап кеткен

ӨК режимине карабастан, майрамдык салютту көрүү үчүн борбор калаанын көптөгөн жарандары жана коноктору келишти

Быйыл пандемиянын айынан массалык иш-чаралар өткөрүлбөй калгандыктан, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салттуу майрамдык концерт болгон жок.

Өзгөчө кырдаал режимине карабастан, майрамдык салютту көрүү үчүн борбор калаанын көптөгөн жарандары жана коноктору келишти.

Бактыга жараша Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча бир дагы бала жоголгон жок, башка окуялар жана укук бузуулар катталган жок.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тынымсыз нөөмөттө турушту, таң эртеден кечке чейин жыйынтыгында  "Ала-Тоонун" борбордук аянтчасынан эки тонна таштанды чыгарылды.

Тазалоо үчүн "Тазалыктын" 24 кызматкери жана үч атайын техника тартылган: бир таштанды ташуучу унаа жана эки сугаруучу машина.

Эске сала кетсек, былтыр майрам учурунда Ала-Тоо аянтындагы концерттик программалардын көрүүчүлөрү 16 тонна таштанды таштап кетишкен.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх