Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүнтөн баштап Бишкектеги коомдук транспорттор кадимки режимде иштей баштады

Автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар кайрадан график боюнча үзгүлтүксүз иштешет

Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Бүгүнтөн баштап шаардык коомдук транспорттор (автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар) кайрадан кадимки режимде, графикке ылайык эртеден кечке чейин үзгүлтүксүз иштей баштады.

Борбор калаанын мэриясы бардык жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактоого жана беткап кийүүгө чакырат! Муниципалитет салондорго тазалоочу каражаттар орнотулуп, нымдуу тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Урматтуу жарандар! Накталай акча менен байланышуудан алыс болуңуз, автобустарда жана троллейбустарда Тулпар картасы менен төлөөгө болот. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго биз ар дайым төмөнкү номерлерге жооп берүүгө даярбыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх