Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМК : Даниэль Ажиев дагы деле СИЗО-1де . Ал өзүн жакшы эле сезип жатат

ЖАМК веб-камера студиясынын мурунку ээси качан психиатриялык ооруканага которуларын билбейт

Ишкер жана веб-камера студиясынын  ээси Даниел Ажиев улут аралык кастыкты козуткан деп айыпталууда, анын туугандарынын айтымында ал психиатриялык дарыланууга муктаж болсо да, дагы деле болсо СИЗО-1де. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

- Соттук аныктама белгилүү мөөнөттөн кийин күчүнө кирет, - деп жооп берди департамент. - Аны  канча убакыттан кийин ооруканага котороору азырынча белгисиз. Азыр ал өзүн жакшы сезип жатат.

Эске сала кетсек  бир канча күн мурда Даниэль Ажиевдин жакындары  маалымат каражаттарына Бишкектин Биринчи Май сотунун чечими менен жигит Жалал-Абад облусундагы психиатриялык клиникага мажбурлап дарыланууга жөнөтүлгөнүн айтышкан. Туугандарынын айтымында  Ажиев дарыланууга муктаж экени аныкталган. Буга байланыштуу жигитке козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулуп, эксперттик корутунду сотко өткөрүлүп берилди.

Даниэль Ажиев 2018-жылы веб-камера студиясын иштеткендиги үчүн соттолгон. Жигит күнөөсүн мойнуна алды.

2020-жылдын март айында Даниэль Ажиев "расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козуткан" деген шек менен кармалган. Буга чейин ал баланын кыргыз элин кемсинтти деген видеосу  Instagram социалдык тармагынатараган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх