Акыркы суткада Ош шаары боюнча бир гана адам коронавирусту жуктуруп алган
Жалпысынан өлкө боюнча 78 жаңы учур катталды. Алардын арасында дарыгерлер катталган жок
Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруган 78 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
2-сентябрга карата Бишкек шаарында 23 адам, Ош шаарында 1 адам, Чүй облусунда 10 адам, Ош облусунда 3 адам, Нарын облусунда 5 адам, Ысык-Көл облусунда 11 учур, Жалал-Абад облусунда 13 адам оору жуктурган Баткенде - 12.
Акыркы суткада медициналык кызматкерлерден коронавирус менен катталган жок.
Бул суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз