Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргызстандыктар майыптар коляскасын кантип бекер алышат?

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги майыптар коляскасын алууга медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын жыйынтыгы негиз болгонун эскертет

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 746 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар майыптар коляскасы менен камсыз болушту. Алардын 855и чоңдор, 891и балдар.

Майыптар коляскасы майыптарга 3 жашынан баштап берилет. Алар 5 жылга акысыз берилет.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майыптар коляскасын берүү иш жүзүндө жашаган жери боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Майыптар коляскасын акысыз берүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу негиз болот.

Майыптар коляскасын алуу үчүн, майыптар аймактык бөлүмдөргө (райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнө) көрсөтүлөт:
- арыз;
- МСЭКтин корутундусу;
- жашаган жеринен маалымкат.

Майыптардын майыптар коляскасына арыздары аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат.

Майыптар коляскасын берүү  КИССП маалымат базасынын журналына каттоого ылайык электрондук кезек тартибинде жүргүзүлөт,  ал маалымат аймактык бөлүмдөргө келип түшөт.

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх