Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекти мыйзамсыз тургузулган объектилерди тазалоо иштери улантылууда (сүрөт)

Тушүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ишкерлер мыйзамсыз орнотулган объектини өз ыктыяры менен алып салышты.

Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте калааны мыйзамсыз курулуштардан тазалоону улантууда.

Кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө Токтогул жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, тиешелүү уруксат документтери жок иштеп жаткан Giraffe кофе саткан объект алынды. Тушүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ишкерлер мыйзамсыз орнотулган объектини өз ыктыяры менен алып салышты.

Мындан тышкары, Ажыбек Баатыр көчөсү, 1а дарегиндеги күркө дагы алынды.

Тилекке каршы, «Аламүдүн-1» кичи районунда унаа жуучу жайы мыйзамсыз иштеп келген. Аталган объектинин ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтык болгон жок. Буга байланыштуу объектини алууга дуушар болдук.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактаңыздар.

Эгерде мыйзамсыз же белгиленбеген жерге орнотулган объектини көрсөңүздөр 0703633833 (Алина) номерине билдирип коюңуздар.
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!

Бишкек мэриясы басма соз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх