Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургдагы Кыргыздар түлөө өткөрүштү

Иш-чаранын катышуучулары коронавирустан каза болгондорго арнап куран окушту

Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ушул шаарда жашаган кыргыз мекендештер менен биргеликте 27-августта салтка айланган түлөө өткөрүштү.

Иш-чарага аксакалдар, диаспоралык уюмдардын лидерлери жана активисттери,мекендештер, жаштар жана студенттер катышты.

Мусулман дин башкармалыгынын өкүлү коронавирус инфекциясынан каза болгондорго арнап куран окуду.

Башкы консул Руслан Бийбосунов пандемия учурунда жакындарын  жоготкондорго көңүл айтты. Ошол эле учурда, ал Россиянын Урал Федералдык округундагы бардык мекендештерге убактылуу кыйынчылыктарды түшүнүп, жарандык жоопкерчилигин, биримдигин жана тилектештигин көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бийбосунов кыйын күндөрдө Башкы консулдук менен биргеликте жумушсуздарды жумушка орноштуруу үчүн, Кыргызстандын медициналык мекемелерине биргелешип гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн, тизмелерди түзүүгө көмөктөшкөндүгү жана чартердик рейстер менен эң муктаж болгондорду мекенине жибергендиги үчүн жардамга муктаж жарандарды материалдык жана башка жардам берген мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Өзгөчө муктаж болгон жарандарга материалдык жардамдарды чогултууга жана таратууга активдүү катышкан ишкерлерге Башкы консулдуктун ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ошондой эле иш-чарага аксакалдар жана диаспоралык уюмдардын лидерлери катышты. Башкы консулдуктун кызматкерлери парламенттик шайлоого даярдыктар, консулдук кеңсенин жанындагы участкалык шайлоо комиссиясынын иши жөнүндө айтып беришти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх