Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте балдардын искусство мектептери иштей баштады, анткени онлайн режиминде окуу чыгармачылык изденүү үчүн ылайыктуу эмес

Бул билим берүү мекемелеринде санитардык эрежелер так сакталат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-2021-окуу жылында маданият жана искусство жаатындагы балдардын билим берүүчү уюмдарынын иши жөнүндө буйругуна ылайык, борбордогу балдар искусство мектептери оффлайн режиминде иштей башташты, бирок пандемия шартында санитардык эрежелер так сакталды.
Белгилей кетсек, Бишкекте 9 балдардын искусство мектеби  жана бир балдар сүрөт мектеби  бар. Бул жерде балдар жеке сабактарда гана билим алышат, сабактарда эң көп дегенде эки же үч адам катышат.

Бардык бөлмөлөр COVID-19дан коргоочу шаймандар менен жабдылган, дезинфекцияланып, тынымсыз желдетилип турат.


Эске салсак, буга чейин ата-энелер, балдар жана мугалимдер мектептердин ишин жандандыруу өтүнүчү менен мэрияга кайрылышкан, анткени онлайн режиминде билим берүү чыгармачыл иш-аракеттерге толук ылайыктуу эмес, мисалы экран аркылуу аспаптардын үнү катуу бурмаланат.
 
Бишкек мэриясы басма соз кызматы
Фото www
 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх