Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө кара куурай жок кылынууда. "Мак" операциясы жүрүп жатат (сүрөт)

380 гектар жерден  курамында наркотик бар өсүмдүктөр табылган

Табигый келип чыккан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана ачыкка чыгаруу, Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз өсүмдүктөрдү жана жапайы кара куурайды жана башка баңги заттары бар өсүмдүктөрдү өстүрүү очокторун аныктоо жана жоюу максатында, "Мак-2020" комплекстүү операциясы жүрүп жатат.

 

Аймактык администрациялардын штабынын жана жергиликтүү мэриянын маалыматы боюнча, 60 миң гектардан ашуун аймак каралып, анын 380 гектарынан жапайы кара куурай табылды.

1-сентябрга карата түзүлгөн 42 бригада 260 гектар жапайы өскөн кара куурайды жок кылышты, анын 51 гектардан ашууну химиялык жол менен, 76 гектар механикалык жана 133 гектар кол менен чабылды. Жалпысынан, июль айынын башынан 1-сентябрга чейин 208 тоннадан ашык жапайы кара куурайдын жашыл массасы жок кылынды.

Мак-2020 комплекстүү операциясы уланууда.

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх