Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын мектеп окуучулары туура тамактанууга аракет кылышат

“Мектептеги тамак-аш үйдө” деген маалымат кампаниясы башталды

Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАПТ) аралыктан окутуу учурунда балдарга туура тамактанууну уюштуруу боюнча маалымат кампаниясын баштады.

Маалыматтык кампаниянын максаты - мектеп окуучулары, ата-энелер арасында туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Биринчи чейректе мектептер өз эшигин 1-класстын окуучулары үчүн гана ачты. Калгандары аралыктан билим алышат. Буга байланыштуу БУУ ДАТП, Билим берүү жана илим министрлиги жана Өнөр жай тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте “Мектептеги тамак-аш үйдө” маалымат кампаниясын иштеп чыгышты.

Маалымат кампаниянын алкагында ата-энелер туура тамактануу боюнча кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды түрдүү форматта ала алышат: инфографика, видеотасмалар, даамдуу жана пайдалуу рецепттер, ден соолукка пайдалуу жомоктор жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган рецепттер китебинен алынган жумалык меню. Мындай формат ата-энелердин жана окуучулардын маалыматты тез жана оңой кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Алдыдагы эки айда ар апта сайын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын социалдык тармактагы баракчаларында (Инстаграм, Фейсбук жана YouTube) балдардын туура тамактануусу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган материалдар жарыяланып турат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх