Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кызыл зонада" иштеген дарыгерлерге дагы деле компенсация төлөп берише элек

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени жакынкы аралыкта кароону убада кылды

Пандемия учурунда "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер дагы деле өкмөттөн компенсация ала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин компенсациялык төлөмдөр боюнча комиссиясынын төрагасы Индира Жумабаева билдирди.

Анын айтымында, республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын дарыгерлери биринчилерден болуп бир жолку компенсация алышат, анткени оорунун биринчи очогу болгон.

"Бүгүнкү күндө коронавирустун кесепетинен каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрү гана компенсация алышты", - деп түшүндүрдү Жумабаева. - Бүгүн биз "кызыл зонанын" дарыгерлерине компенсация төлөп берүү маселесин карайбыз.

Саламаттыкты сактоо министрлиги канча дарыгер компенсация ала тургандыгын азырынча билбейт, анткени алардын санын эсептеп бүтө элек.

Гулиза Чудубаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх