Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 8-сентябрга карата COVID-19 менен 68 жаңы учур катталды

Бир күндө илдеттен бир өлүм Бишкек шаарында гана  катталды 

8-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмония менен ооруган 68 жаңы учур катталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын ичинен Бишкек шаарында - 13, Чүй облусунда - 4, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 8, Жалал-Абад облусунда - 8, Баткен облусунда - 16 адам. Алардын ичинен бирөө саламаттыкты сактоо кызматкери.

Коронавирустан 198 адам айыгып ооруканалардан чыгарылды.

Бир күндө Бишкек шаарында гана коронавирустун айынан 1 өлүм катталды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх