Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы 150 мектеп ысык тамак менен камсыз болду

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектептеги ысык тамак социалдык коргоо чарасы болуп саналат жана ата-энелер үчүн чыгымдар жеңилдетилиши мүмкүн

Жаңы окуу жылынын башталышы менен (1-класс) дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2022-жылга чейин бардык башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттеринин алкагында 100дөй мектепте ысык тамак бере баштады. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик жана ата-энелердин жардамында дагы 50дөй мектепте ысык тамак уюштурулду.

Биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан, БУУ ДАТП балдардын ысык тамагына деп Кыргызстандын 249 мектебине байытылган ун жеткирип берди.

Өлкө мектептеринин 70%дан ашыгы тиешелүү техникалык жабдуулар менен камсыздалып, башталгыч класс окуучуларына ысык тамак берилет. Бул БУУ ДАТП жана Россия Федерациясы сыяктуу донорлордун колдоосу менен ишке ашууда. Аз камсыз болгон айрым үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектептеги ысык тамак социалдык коргоо чарасы болуп саналат жана өздүк бюджетинин 70%дан ашыгын тамактанууга жумшаган жакыр үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын жеңилдетет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх