Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

10-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмония менен 71 жаңы учур катталды

Өткөн суткада өлүмгө алып келген  учур катталган жок

10-сентябрга карата Кыргызстанда  коронавирустук инфекция жана пневмония менен 71 жаңы учур катталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

- Бишкек шаарында - 15 адам, Ошто - 1 учур, Чүй облусунда - 4 инфекция, Ош облусунда - 5 учур, Талас облусунда - 4 адам, Ысык-Көл облусунда - 8, Жалал-Абад облусунда - 15 учур, Баткен облусу - 19 инфекция.

Ушул убакка чейин бардык  жуктуруп алгандардын жалпы саны 44684. Өткөн суткада  ооруканалардан 151 адам айыгып  чыгарылды. Бишкектеги бир медициналык кызматкер COVID-19 оорусун жуктуруп алды.

Акыркы сутка ичинде өлүмгө алып келген учур катталган жок.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх