Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Баткендик мугалимге айлыгынан ноутбук белек кылды (сүрөт)

Каныбек Исаков мектеп окуучуларын үйүнө чакырып сабак  берген аялга дем берди

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Баткен районундагы  Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылды.

Мугалимге ноутбукту бүгүн, 10-сентябрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырды. Өз учурунда педагог белек үчүн министрге ыраазычылыгын билдирди.

Мындан эки күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган. Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү үчүн үйүнө чакырган. Сабак 15 мүнөткө созулуп, андан бери Миргүл Эшимова кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызмат

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх