Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

11-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмония менен 77 жаңы учуру катталды

Жугуштуу ооруудан каза болгондор катталган жок

11-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирустук инфекция жана пневмония боюнча 77 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

- Бишкек шаарында - 17 адам, Ош шаарында - 3 учур, Ош облусунда - 9 инфекция, Талас облусунда - 1 адам, Нарын облусунда - 1 адам, Ысык-Көл облусунда - 9, Жалал-Абад облусунда - 13 учур, Баткенде - 9.

Республикада бул илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 44761 адамды түзөт. Үч медициналык кызматкер COVID-19 вирусун жуктуруп алышкан - Баткен облусунда, Жалал-Абадда жана Ошто.

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. 144 адам ооруканадан айыгып чыкты.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх