Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө окуу куралдарын, кийим-кече жана азык-түлүк берди

ИИМ билим берүү процессине катышпаган балдарды жана өспүрүмдөрдү аныктоого багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүздү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин буюрмасын аткаруу максатында 7-сентябрдан 9-сентябрга чейин республиканын аймагында окубаган жашы жете электерди аныктоого, аларды билим берүү мекемелерине тартууга багытталган бир катар алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Жаңы окуу жылы түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын аймагында окуучуларды окутуу, 1-класстын окуучуларын эске албаганда дистанциондук форматта уланууда. Эске салабыз, коронавирус пандемиясына байланыштуу ушул жылдын 8-апрелинен баштап өлкөдөгү жалпы билим берүү мекемелери окуунун дистанциондук түрүнө өтүшкөн.
“Салам мектеп!” ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүүгө республиканын ИИОнун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери социалдык өнүктүрүү, билим берүү органдары жана алдын алуу иштери менен алектенген башка кызыктар тараптар менен биргеликте коомдук жайларды, соода-түйүн комплекстерди, оюн-зоок мекемелерди, таштанды төгүлүүчү жерлерди, күнөсканаларды текшеришти. Ошондой эле, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте билим алууга тартылбаган жашы жете электерди, андан сырткары, окуу үчүн зарыл болгон нерселер менен камсыздоого шарты келбеген турмуштук оор абалга кабылган үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан милициянын көчмө кабылдамасын пайдалануу аркылуу калк арасында жолугушуулар өткөрүлүп, жашы жетелектердин келечеги үчүн аларды билим алууга тартуу керектиги жөнүндө маектешүүлөр жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө көп балалуу үй-бүлөлөргө жана турмуштук оор абалга кабылган үй-бүлөлөргө, кийим-кече, окуу үчүн кеңсе товарлары, азык-түлүктөр тапшырылды.
Иш-чараны өткөрүү маалында 2000 ашык ИИОнун кызматкери жана 1000 ашык жалпы билим берүү уюмдарынын, социалдык мугалимдер, психологдор, Балдар иштери боюнча комиссиянын, социалдык коргоо органдарынын жана саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү тартылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх