Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундар сынагы өтүүдө

Тестирлөөгө 19 талапкер катышып, алардын 15и окууга сунушталды

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстандын аймагындагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак болуп өттү.

Тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулду.

Эми 18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтөт.

КР Билим Берүү министрлигинин басма сөзт кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх