Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 16-сентябрга карата коронавирус инфекциясынын 73 жаңы учуру катталды

Өткөн суткада адам өлүмү катталган жок

Кыргызстанда COVID-19 жана  пневмония менен 73 жаңы учур катталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бишкекте - 11 адам, Чүй облусунда - 5, Ошто - 3, Ош облусунда - 14, Баткенде - 18, Таласта - 3, Ысык-Көлдө - 9, Нарында бирөө жана Жалал-Абадда 9 адам.

73 учурдун ичинен 7 учур медициналык кызматкерлер, бардыгы Баткен облусунда.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин республикада коронавирустук инфекциянын 45 миң 72 учуру катталды, анын 3 миң 181и дарыгерлер.

Өткөн суткада адам өлүмү катталган жок.

Күндүн ичинде 107 бейтап ооруканадан айыгып чыкты: Бишкек шаарында 47, Чүй облусунда 4, Ош шаарында бир, Ош облусунда 4, Баткенде 26, Жалал-Абадда 14, Ысык-Көлдө 5 жана Талас облусунда 6. Алардын 6сы медициналык кызматкерлер.

Жалпысынан өлкө боюнча 41 миң 210 бейтап айыгып чыгарылды, анын ичинен 2 миң 729 дарыгер. 13 дарыгер үчүн үйдөн өзүн изоляциялоо мезгили аяктады.

Азыр 509 бейтап стационардык дарыланууда, 1849 амбулатордук дарыланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх