Математика боюнча Дүйнөлүк Чемпионат орто мектеп окуучулары арасында "Газпром Кыргызстан мектебинде" өтөт
Негизи Санкт-Петербург шаарында өтүшү керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилди
21-22-сентябрь күндөрү Газпром Кыргызстан мектебинде Эл аралык математикалык олимпиада (орто мектеп окуучулары арасында математика боюнча Дүйнө чемпионаты) өтөт.
Олимпиада Санкт-Петербургда өтүшү керек болчу, бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу 2020-жылдын сентябрь айында Санкт-Петербургга командалардын келиши кыйын болуп калды. Ошондуктан, ИМО-2020 дистанциялык түрдө өткөрүлүп, катышуучулар өз өлкөлөрүндө жүрүп, Олимпиаданын тапшырмаларын 2020-жылдын 21-22-сентябрында аткарышат.
Кыргызстанда жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча Дүйнөлүк чемпионат ММО-2020 улуттук мелдеш борборуна айланган Газпром Кыргызстан мектебинде өтөт.
Олимпиаданы ИМО Кеңеши уруксат берген Медеубек Кунгожин (РФСМ, Алматы, Казакстан) көзөмөлдөйт. ММО-2020 мелдештеринин күндөрү 21 жана 22-сентябрь. Ишматов Махамадхан - Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу.
"Газпром Кыргызстан мектеби"
Сүрөт www