КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине 74 миңден ашуун маска жана 56 миң коргоочу комбинезон өткөрүлүп берилди
Дүйнөлүк банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен гранттык жардам берилди
Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында 74 700 даана FPP2 беткап (170 200 АКШ дол.) жана 56 000 даана коргоочу комбинезон (448 600 АКШ дол.) берилди. Калган сумма Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жакынкы жумалардын ичинде башка негизги керектөөлөрдү канааттандырууга, анын ичинде 58 000 даана стандарттык бахила жана 58 000 жуп кол капты сатып алууга пайдаланылмакчы.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул беткаптарды жана ЖККны өлкөгө таасирин тийгизип жаткан пандемияга чара көрүүдөгү учурдагы күч-аракеттерди колдоо үчүн пайдаланмакчы.
Бул тапшыруулар Дүйнөлүк банкка жайгаштырылган Пандемияга жооп катары өзгөчө кырдаалдардагы чараларды каржылоо фондунан алынган камсыздандыруу төлөмүнүн эсебинен каржыланды. Фонддун ишмердүүлүгү 2016-жылы тиешелүү өлкөлөр үчүн, алар транс чек аралык, ири масштабдуу оорулардын чыгышына бет келишкен учурда каржылоонун кошумча булагын камсыздоо максатында башталган. Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФти Кыргыз Республикасынын атынан 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн пайдалануу менен макулдашылган иш-чараларды аткарууга номинациялаган.
Дүйнөлүк Банк ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин COVID-19га таандык болгон эки долбоор аркылуу колдоп жатат. Долбоорлор ооруканаларга жана медициналык мекемелерге, лабораторияларга жана чек ара пункттары үчүн зарыл болгон негизги медициналык ресурстарды, жабдууларды жана дары-дармектерди каржылайт.
ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алдыңкы чектерде иштегендерге зарыл болгон материалдарды берүү, ошондой эле жалпы чара көрүүнүн алкагында ар бир баланын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана өсүшүн камсыздоо менен COVID-19 пандемиясына жооп катары колдоо көрсөтүүсүн улантат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www