Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте "Кан басымыңды бил" акциясы өтүп жатат

Кан басымын өлчөөчү пункттар шаар боюнча уюштурулган

Бишкекте бүгүнтөн баштап 25-сентябрга чейин “Кан басымыңызды билиңиз” ден-соолукту чыңдоо акциясы өтүп жатат.

Борбор калаанын мэриясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ден-соолукту чыңдоо борбору жана Улуттук "Кызыл Ай" коому менен биргеликте шаар боюнча кан басымын өлчөөчү пункттарды уюштурду.

Эми ар бир шаар тургуну өзүнүн кан басымын билип, эгер нормадага туура келбесе дарыгерлердин кеңешин ала алышат.

Бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ), төрт аймактык акимиаттарда жана МТУда ден-соолукту чыңдоочу пункттар бар.

Мындан тышкары, 26-сентябрда саат 9.00дөн 14.00гө чейин Адинай сейил багында Кыргыз Республикасында кан донорлорунун күнүнө карата кан тапшыруу иш-чарасы өтөт. Шаардыктарга кан басымынын пайда болушунун факторлору жөнүндө айтып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча кеңештер берилет.

Көбүрөөк маалымат: 31 28 48, 0772 948 928.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх