Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы ачууланган жарандарга : Тарых музейинин аймагы Маданият министрлигинин балансында

Муниципалитет тосмо өзгөчө корголуучу аймакка орнотулган деп түшүндүрдү

Бишкек шаарынын мэриясына шаардыктардан тарых музейинин аймагына орнотулган тосмонун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылуу келип түшкөн.

Урматтуу жарандар! Тарых музейи башкы планга тиркеме болгон тарыхый маалымдама планынын коргоо зонасына ылайык, өзгөчө корголуучу аймакта жайгашкан. Тарых музейинин аймагы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында.

Тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүковдун айтымында, музейдин имаратынын алдындагы тосмо реконструкциялоонун биринчи этабынын алкагында жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) ортосундагы долбоордун алкагында бекитилген.

Тосмолор 2018-жылы күзүндө бир гана тарабына орнотулган, анткени бул жерде бийиктиктин айырмасы бар. Эң бийик жер үч метрге жетет, бул жарандар жана борбор калаанын коноктору үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх