Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 23-сентябрга карата коронавирусту жуктуруп алган 88 учур катталды

Илдеттин  өлүмгө алып келген учур катталган жок

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 88 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында - 9 адам, Чүй облусунда - 8, Ошто - бир, Ош облусунда - 24, Баткенде - 29, Таласта - 3, Ысык-Көлдө - 5, Нарында бир жана Жалал-Абад облусунда 8 адам ...

88 учурдун ичинен 5 учур медициналык кызматкерлер: бирөөсү Бишкекте, бирөө Ошто жана үчөө Баткен облусунда.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин республикада коронавирустук инфекциянын 45 миң 630 учуру катталды, алардын 3 миң 208и дарыгерлер.

23-сентябрга карата COVID-19дон жана коомдук жугуштуу пневмониядан 1 миң 63 өлүм катталды.

Күндүн ичинде 108 бейтап ооруканадан чыгарылды: Бишкек шаарында 10, Чүй облусунда 10, Ош шаарында 11, Ош облусунда 31, Баткенде 15, Жалал-Абадда 12, Ысык-Көлдө 13, Нарында 2 жана Таласта 4 адам. ...

Алардын 4ү медициналык кызматкерлер. Дагы 23 дарыгер үчүн үйдө өзүн изоляциялоо мезгили аяктады.

Жалпысынан өлкө боюнча 41 миң 904 бейтап айыгып, чыгарылды, анын ичинен 2 миң 874 дарыгер.

539 бейтап стационардык дарыланууда, 1 миң 677 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх