Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АӨБ жана ЮНИСЕФ Кыргызстандагы ооруканаларга үч жасалма дем алдыруучу аппаратты белек кылышты

Алар бүгүнкү күндө иштеп жатышат жана бейтаптарга кызмат көрсөтүшөт

Бир күн мурун, 22-сентябрда, өлкөдө Covid--19га каршы күрөштү күчөтүү максатында, №2 Клиникалык төрөт үйүнө жана Улуттук онкология жана гематология борборуна эки жаңы жасалма дем алдыруучу аппарат расмий түрдө тапшырылды. Бир аппарат Ош Перинаталдык борборуна жеткирилет. Бул аппарат чоңдорго дагы, балдарга дагы ылайыктуу. Алар буга чейин пайдаланууга берилген жана бейтаптарды тейлейт.

Механикалык желдетүү - дем алуу органдарынын ооруларынан улам өз алдынча дем ала албаган бейтаптар үчүн жасалма дем алууну жана өпкөнүн механикалык кыймылын камсыз кылган маанилүү медициналык шайман. Дүйнөлүк Covid-19 пандемиясынын контекстинде, дүйнөдө COVID-19 оор кесепеттеринен жапа чеккен бейтаптарды дарылоо үчүн аппарат колдонула баштады.

Жабдыктар АӨБдүн 200 миң долларлык шашылыш медициналык жардамынын бөлүгү болгон.

2020-жылдын апрелинен тартып, өлкө боюнча ооруканалар төмөнкүлөрдү алышты:

- 20000 медициналык кол кап
- 2000 коргоочу комбинезон
- 2300 FFP2 респиратору
- 300 эндотрахеалдык түтүк
- 3000 педиатрдык канулалар
- 8000 канулалар жана дем алдыргыч
- 10 литрлик 10 кычкылтек концентратору 
- 1500дөн ашуун дем алуу системалары

Бардык медициналык жабдууларды жана шаймандарды ЮНИСЕФ ишенимдүү жана сертификатталган саламаттыкты сактоо өндүрүүчүлөрүнөн сатып алган.

АӨБдүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх