Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги Кыргызстандыктар аларга көбүрөөк ишене баштаганын билдирди

Ведомство жарандардын ишеним индекси боюнча 3-орунга көтөрүлдү

Билим берүү жана илим министрлигине карата калктын ишеним индекси 37,3%га көтөрүлүп, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен министрликтер арасында 3-орунга чыкты. Тактап айтканда, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7%га жогорулаган.

2019-жылы министрлик калктын ишеним индекси боюнча акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүчүн көрсөтүп, министрликтер арасында 7-орундан 4-орунга көтөрүлгөн эле. 2019-жылдын 1-жарымында 24,9% болсо (7-орун), 2019-жылдын аягына келип, көрсөткүч 30,5%га (4-орун) жогорулаган болчу.

Улуттук статистика комитети 2012 жылдан тартып системдүү түрдө 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде “Калктын ишеним индексин” түзөт. Жарандардын жоопторунун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн алардын сапатын, жарандар менен өз ара кызматташуусун аныкташат.

"Калктын ишеним индекси" 3 негизги индекстен турат:

Жарандын мамлекетке болгон жеке ишеними;
Жарандардын аткаруу бийлигинин органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндөгү жеке түшүнүгү;
Бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жумуштун сапатына жараша баалоосу.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх