Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн кечинде Орусияда калып калган Кыргыз жарандары автобустардын колоннасы менен жөнөйт

Учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Казакстан чек арасынан өтө баштады

Оренбург, Самара облустарында, Башкортостанда жана Татарстанда жүргөн Кыргызстандын жарандарын өткөрүү үчүн Казакстандын аймагы аркылуу дагы бир транзиттик коридорду берүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда Оренбург, Самара облустарында, Башкортостан Республикасында жана Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын өткөрүү үчүн Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу дагы бир транзиттик коридор берүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Учурда жарандар орус-казак чек арасынан өтө баштады.

Кыргызстандыктардын Россиядан кайтып келиши автобустардын колонналарында бир нече этапта жүргүзүлөт. Автобустардын биринчи колоннасынын жарандарыбыз менен жөнөп кетүүсү бүгүн, 2020-жылдын 24-сентябрында, кечинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул акция бир жолку болгонун, ошондой эле Россия-Казакстан чек арасы Кыргыз Республикасынын айрым жарандарынын көзкарандысыз жана өзүм билемдик менен өтүшү үчүн жабык бойдон кала берээрин кайталады.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх