Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер-министр Кыргызстанда ооруну жуктуруп алгандардын көбөйүшүнө байланыштуу штабдын чукул жыйынын өткөрдү

Кубатбек Боронов жарандардын санитардык коопсуздук чараларынын сакталышын начар көзөмөлдөгөн жергиликтүү бийликти жана Ички иштер министрлигин сынга алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын чукул жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланып, Премьер-министр айрым аймактарда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары сакталбай жатканына байланыштуу Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишине сын айтты.

«Баткен, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы жарандардын арасында коронавирус инфекциясы көп катталып жатат. Бул аймактарда COVID-19 менен ооруп жаткандардын жана өпкөсү сезгенгендердин көрсөткүчү жогору. Социалдык түйүндөрдө саясий партиялардын эл менен жолугушуулары боюнча сүрөт жана видеолор көп чыгууда. Анда бет кап тагынуу режими жана социалдык аралык сакталбай эле. Той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, кафе-ресторандарда массалык иш-чаралар өтүүдө. Бул боюнча жергиликтүү бийлик жана Ички иштер министрлиги чара көрбөй жатат. Рейддер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн жок. Массалык түрдө эл чогулган жер оорунун очогу болууда. Жетекчилер, азыр жайбаракат жүрө турган учур эмес. Облус жетекчилери жана акимдер, өз аймагыңардагы эпидемиологиялык абалга жооптусуңар. Ошондуктан санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын күчөтүүнү катуу көзөмөлгө алуу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле Премьер-министр оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

«Биздин негизги максат – мекендештердин өмүрүн сактоо. Оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын жагдайын жакшыртуу үчүн, ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле кылуу керек. Зарыл болсо дарыгерлердин консилиумуна кайрылуу шарт. Бейтаптын өмүрүн сактап калуу Саламаттык сактоо министрлигинин облустардагы координаторлорунун жана оорукананын башкы дарыгеринин натыйжалуу ишине көз каранды», - деди Өкмөт башчы.

Штаб жыйынында стационарлардын, мобилдик топтордун иши талкууланып, зарыл болгон учурда бул медициналык кызматтар өз ишин кайрадан баштоого даяр болушу керектиги белгиленди.

Отурумдун соңунда Премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы ооруканаларды дары-дармек, медицина кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасын берди. Муну менен катар Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана тийиштүү мамлекеттик органдарга санитардык-карантиндик режимди сактоону катуу көзөмөлгө алуу боюнча бир катар милдеттерди койду.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх