Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын вице-мэри оорукананын COVID-19 инфекциясынын көбөйүшүнө даярдыгын текшерүүдө

Бир күн мурун Виктория Мозгачева №3  балдар ооруканасынын абалын текшерди

Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева мектептердин жана бала бакчалардын, ооруканалардын жана поликлиникалардын кыш мезгилине мезгилдүү вирустук инфекциялар ошондой эле COVID-19 ооруларына даярдыгын текшерүүну улантууда.

Бир күн мурун, вице-мэр шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын (№3 балдар ооруканасы) абалын текшерди. Бардык жайлар каралды: палаталар, операция бөлмөлөрү, дарылоо бөлмөлөрү жана техникалык бөлмөлөр, оорукананын кире беришиндеги оңдоо иштери.

Мозгачева оорукананын эффективдүү иштешин материалдык жактан камсыздоо, дарыгерлердин коопсуз иштеши (ЖКК, дары-дармек каражаттары) маселелерине токтолуп, ар дайым кабардар болуп турууга жана ар кандай кырдаалдарга даяр болууга тапшырма берди.

Башкы дарыгер Гүлнар Жанабилованын айтымында, оорукана күз-кыш мезгилине толугу менен даяр, ал эми вице-мэр операция бөлмөсүн жана экинчи блоктун чатырын оңдоп-түзөөгө  жардам көрсөтүүнү убада кылды.

Вице-мэрдин текшерүүлөрү уланууда.

Урматтуу жарандар! Сиздин жыргалчылыгыңызга көз салыңыз, ден соолугуңузга кам көрүңүз! Сураныч, сизди оорудан коргой турган санитардык эрежелерди унутпаңыз!

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх