Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Буга чейин Кыргызстанга алынып келинген сасык тумоонун вакцинасынын биринчи партиясы колдонулган

Жакында вакцинанын экинчи партиясы келет

Өлкө тургундары сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук  инфекциялык ооруларга каршы эмдөөдөн активдүү өтүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылды. 

«Буга чейин өлкөгө ташылып келген вакцинанын биринчи партиясы пайдаланылды. Баарынан биринчи калктын аярлуу катмарын эмдөө боюнча иштер өз учурунда жасалууга тийиш. Азыр сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук  инфекциялык оорулардын мезгили, ошондуктан эмдөөдөн өткөрүү процессин тездетүү керек. Жакында вакцинанын экинчи партиясы келет. Аны дагы аймактарга бөлүп берүү шарт. Акы төлөнүүчү негизде эмдөө иштерин жүргүзүп жаткан жеке менчик лабораториялар бардык аймактарда ачыла элек. Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр менчик клиникалар менен жеринде сүйлөшүүнү жигердүү жүргүзүүсү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезилине даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. 

«Суук болуп келе жатат. Бул маалда сасык тумоолоп ооруй турган жарандардын саны көбөйөт. Дары каражаттарынын запасын анализдеп көрүү керек. Кампаларда керектүү дары-дармектердин канча көлөмдө бар экенин так аныктоо үчүн дарыканалардын жетекчилери менен түздөн-түз иштешүү зарыл. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы медициналык каражаттардын корун көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бардык дары-дармек жетиштүү көлөмдө болууга тийиш», - деди Премьер-министр.

Кубатбек Боронов ошондой эле коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болгон учурда кошумча керебеттерди уюштуруу зарылдыгын эске салды. 

КР ӨКМӨТҮНҮН басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх