Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БМЖБ топтору Каракол жана Кара-Балта шаарларындагы депутаттар жана мэриялар менен жолугушууларда отчет беришти.

Жалпысынан жергиликтүү кеңештердин депутаттары топтун ишмердүүлүгүн оң баалашты

Шаардык кеңештердин токтомдору менен түзүлгөн биргелешип мониторинг жасоо жана баалоо топтору, Каракол жана Кара-Балта шаарларындагы депутаттар жана мэриялардын кызматкерлери менен жолугушууда топтордун иштөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчет беришти. 

Кара-Балта шаарындагы биргелешип мониторинг жасоо жана баалоо (БМЖБ) тобу шаардын өнүгүшү боюнча социалдык-экономикалык программанын ишке ашуусуна байланышкан 9 мониторинг жасай турган иш-чараларды өткөрүштү. Мындан тышкары шаардын турмушунда маанилүү жана актуалдуу болгон кошумча иш-чараларды мониторинг жасоого, көрсөтүлүп жаткан 2 кызматтын сапатын баалоону өткөрүүгө, бюджеттик ачыктыктын муниципалдык индексин 2 жолу өлчөөгө туура келди.


Кара-Балта шаарынын БМЖБ тобунун мүчөсү Алина Клименко топтун иши тууралуу өз пикири менен бөлүшүп, ал эмне үчүн ушул топтун курамына киргиси келгенин айтып берди: «Көп учурда жергиликтүү башкаруу органдары менен элдин ортосунда абдан чоң ажырым жана түшүнбөөчүлүк бар экени эч кимге жашыруун эмес. Жергиликтүү башкаруу органдары план түзүп аларды ишке ашырышат, бирок алар ошол план керек деп ойлогон адамдардан ал тууралуу пикирин сурашпайт. Биз ошон үчүн жергиликтүү башкаруу органдарынын дарегине алардын иштебей жаткандыгы же иштесе да ишти сапатсыз аткарып жаткандыгы жөнүндө айтылган нааразылыкты көп угабыз. Айтылган ажырымды кыскартуу жана жергиликтүү башкаруу органдары менен элдин ортосундагы конструктивдүү диалог үчүн бир механизм - бул биргелешип мониторинг жасоо жана баалоо тобу иштеп келүүдө. Гендердик жана социалдык баланстын өзөгүндө түзүлгөн топ, жарандар менен жергиликтүү башкаруу органдарынын биргелешкен ишмердигине «долбоордук» мамиледен айырмаланып үзгүлтүксүз, пландуу, регулярдуу мониторинг жана баалоо өткөрүп келе жатат. Ушундай иштөө жакшы натыйжа берүүдө. БМЖБ тобунун ишинин максаты – шаардыктардын жашоосунун жакшырышы. Коомдук мониторингдин механизмдери менен таанышып, мен БМЖБ тобунун мүчөсү болууну чечтим. Анткени ушундай жол менен чын эле чечим кабыл алууга катышып жана шаардык программаларды ачык, эффективдүү кылууга болот».
Каракол шаарынын БМЖБ тобунун мүчөлөрү топ иштеп жаткан 8 ай ичинде 6 мониторингдик иш-чараларды өткөрүштү. Жыл башында жана алты ай өткөндөн кийин шаардын жашоочуларын иче турган суу менен камсыздоо боюнча кызматтын, шаардык аймактардын жашылдандырылышынын, муниципалдык жолдордун иштөөсүнүн, турмуш-тиричиликтен чыккан катуу таштандыларды жыйнап алып кетүүнүн сапаттарын баалап, ошондой эле бюджеттик ачыктыктын муниципалдык индексин эки жолу өлчөштү.


БМЖБ топтору өткөргөн мониторинг иш-чараларынын жыйынтыктарына көңүл бурулуп, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кароосуна коюлду. Берилген отчеттун жыйынтыгынын негизинде депутаттар БМЖБ тобунун ишинин жыйынтыктары алдыда турган сессияда каралуусу боюнча чечим кабыл алышты.
Жалпысынан жергиликтүү кеңештердин депутаттары топтун ишмердүүлүгүн оң баалашты, аларга туруктуу иштеп жаткан депутаттык комиссиялар менен тигил же бул маселелер боюнча тыгыз иштешип, мониторингдин жыйынтыгында ачыкталган маселелерге ыкчам реакция жасоону сунуш кылышты.


БМЖБ топторунун потенциалы шаардык кеңештердин депутаттары жана топтун мүчөлөрү тарабынан бааланды. Каракол шаарынын БМЖБ тобунун мүчөсү жана жаштардын «Лидерство» ыктыярчылар уюмунун жетекчиси Анастасия Стынценко топтун иши тууралуу төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү: «БМЖБ тобунун ар бир мүчөсүнүн активдүүлүгү маанилүү, анткени биз шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын ишке ашуусунун көп аспектилерин камтый алабыз. Себеби мониторинг жасоо менен муниципалдык ишканалардын иштери, мэриянын өзүнүн иштери жакшырып аны менен бирге шаардын инфраструктурасы жана социалдык тармактары жакшырып, шаардыктардын жашоосу жагымдуу болуп, ой пикирлер эске алынып, шаардын бакубат жашоосу жана өнүгүүсү үчүн шарт түзүлүшү зарыл.
Социалдык тармакта иштөө менен көп учурда шаардын жашоосуна өзгөчө көңүл бурам. Мен шаардын жашылдануусу, суунун тазалыгы эле эмес жашоочулар бош убактыларын өткөрүүчү, балдар коопсуз ойноп айлана чөйрөнү таануучу шаардык мейкиндиктердин абалына да тынчсызданам. Шаардын маселелерине көңүл буруп эле койбой, кырдаалды өзгөртүү менен өз убагында жыйынтыкка жетишүүну да көп ойлоном. БМЖБ тобунун аракети шаардыктар менен жергиликтүү бийлик туш болгон маселелерди ыкчам аракет кылуу менен ишти жакшыртып, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында жазылган тапшырмаларды аткарууга өбөлгө түзөт деп ишенем. Бул Каракол шаары үчүн продуктивдүү иштерге кооперациялык көпүрө боло алат».
Мындан тышкары «Сорос – Кыргызстан» фонду каржылап, Борбор Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан «Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын ишке ашырууга жарандардын катышуусу» долбоорунун алкагында, пилоттук шаарлардын БМЖБ топторунун иштеринин жыйынтыктары боюнча семинар – форум өткөрүлдү. Бул семинарга БМЖБ топторунун мүчөлөрүнөн, Каракол жана Кара-Балта шаарларынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тышкары Балыкчы, Токмок, Чолпон-Ата жана Нарын шаарларынын шаардык кеңешетеринин, мэрияларынын өкүлдөрү, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамагенттиктин өкүлү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзү-өзү башкаруу союзунун эксперттери катышты. Семинар учурунда Кара-Балта жана Каракол шаарларынын БМЖБ топторунун мүчөлөрү топторду түзүү тажрыйбасы жана биринчи натыйжалар менен бөлүшүштү.


Бул форумдун максаты – Кыргыз Республикасындагы башка муниципалитеттерде биргелешип мониторинг жасоо жана баалоо топторун түзүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын таратуу эле. Шаарлардан чакырылган жергиликтүү бийлик өкүлдөру мындай топторду түзүүнүн эффективдүүлүгүн жана артыкчылыктарын баалай алышты.
Балыкчы шаарынын мэриясынын тышкы байланыш жана экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси А. Иманканова мэрия үчүн мындай топторду түзүү мыкты жардамчы болуп калаарын белгиледи. «Мындай топторду түзүү пайдалуу жана шаарлардын өнүгүшүнө жардам берет, анткени буйрутма берүүчү да, көрсөтүлгөн кызматты алуучулар да жаран болуп жатат. Дал ушул себептен жергиликтүү башкаруу иштерине жарандык катышууну камсыздоо маанилүү. Ушундай топтун курамын туура тандоо менен, өкүлчүлүктүү, аткаруу бийлигинин жана жарандык коомду бириктирүү менен конструктивдүү диалог аянтчасын түзүп, бирге эффективдүү чечимдерди кабыл алууга болот, проблемаларды чечүү жолдорун таап аракет кылса болот».
Биргелешип мониторинг жасоо жана баалоо (БМЖБ) топторунун ишмердиги жергиликтүү башкаруу органдарына артыкчылыктуу маселелердин чечилишине биргелешип жетишүүгө, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын ишке ашырууну жана жергиликтүү башкаруу органдарынын иштеринин натыйжаларына байкоо жүргүзүп жана баалоого жардам берет.
Топтун мүчөлөрү зарыл болгон инструменттерге ээ болуу менен, өз алдынча план түзүп жана өз шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын ишке ашуусуна жеке байкоо жүргүзө алышат. Мониторинг жасоо менен топтун мүчөлөрү коротулган каражаттар канчалык максаттуу пайдаланылганын баалашып, бул боюнча жергиликтүү бийлик эске ала турган сунуштарды бере алышат.
Борбордук Азиядагы Евразия фонду башка муниципалитеттер да кесиптештеринин тажрыйбасын пайдаланып жакын арада башка шаарларда, айылдык аймактарда да ушундай топтор түзүлөт деп үмүт кылат. Анткени биргелешип мониторинг жасоо жана баалоо топтору жергиликтүү башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуучу инструменти, ал жергиликтүү башкаруу бийлиги менен жергиликтүү коомчулуктун карым-катышын бекемдөөгө, ишеним жаратууга жана бийлик менен жарандардын ортосундагы мамилелердин ачыктыгын күчөтүүгө жөндөмдүү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх