Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

14-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 330 жаңы учуру

Баткен облусунун эки тургуну инфекциянын кесепетинен каза болушту

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 330 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

- Бишкек шаарында - 68 учур, Ош шаарында - 36, Чүй облусунда - 12, Ош облусунда - 74 адам, Талас облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 18 адам, Жалал-Абад облусунда - 70 учур, Баткен - 43 адам.

Мындан тышкары, Баткен облусунда коронавирусту жуктуруунункесепетинен эки өлүм катталды. Бул убакка чейинки мезгил ичинде каза болгондордун жалпы саны 1094.

Бир суткада жети медициналык кызматкер ооруну жуктуруп алгандардын тизмесине киргизилген. 172 адам ооруканалардан чыгарылды.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх