Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерлери Фейсбуктан улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматты аныкташты

Ал социалдык тармактардын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан чагымчыл видеотасманы жарыялаган

Андан бир күн мурун, 13-октябрда, УКМКнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Facebook социалдык тармагынын 2002-жылы туулган И.У.Т. аттуу колдонуучусун аныкташкан.

Ал социалдык тармактардын колдонуучуларынын нааразычылыгын туудурган жана улуттар аралык кастыкты козуткан шарт түзгө чагымчыл видеотасманы жарыялаган.

Учурда материалдар тиешелүү органдарга экспертизага жөнөтүлдү.

Сотко чейинки процесстин материалдары КЖБР АСде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (жек көрүүчүлүктү) козутуу менен катталды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аймактар ​​аралык кастыкты козутуу максатында ушундай мүнөздөгү чагымчыл жана башка материалдарды жайылтуу учурдагы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх