Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус илдетинен 5 адам каза болду
15-октябрга карата COVID-19дун 388 жаңы учуру катталды
Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жана пневмониянын 388 учуру аныкталды. COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 59 учур, Ошто - 55, Чүй облусунда - 19, Ош облусунда - 50 адам, Талас облусунда - 16, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 19 адам, Жалал-Абад облусунда - 86 учур, Баткенде - 83 адам.
Акыркы суткада коронавирустан 5 адам каза болду. Бишкекте бир адам, Ош жана Баткен аймактарында эки адам. Бул убакка чейин жалпы каза болгондордун жалпы саны 1099.
Жаңы жуктуруп алгандардын арасында 32 дарыгер бар. 196 адам ооруканадан айыгып чыкты.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз