Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Майып балдарды караган жеке жардамчылар октябрь айына чейин эмгек акыларын толугу менен алышты

Жеке жардамчынын кызматы үчүн ай сайынкы төлөм 4900 сомду түзөт

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин октябрь айына айлык акысы толук каржыланды.

Бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат.

Жеке ассистенттин ай сайын айлык акысынын өлчөмү 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полисирайондук социалдык өнүгүүбашкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат.

Ушул жылдын башынан тарта жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 303 млн. 062 миң 339 сом бөлүнгөн.

Баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып кирген. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт.

КР ЭСӨМ басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх