Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саны өсүүдө. 21-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун дагы 549 жаңы учуру катталды

Инфекциянын кесепетинен беш адам каза болду

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустук инфекция жана  пневмония менен 549 жаңы ​​учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

- Бишкек - ​​125
- Ош - 37
- Чүй облусу - 53
- Ош облусу - 82
- Талас облусу - 10
- Нарын облусу - 4
- Ысык-Көл облусу - 24
- Жалал-Абад облусу - 117
- Баткен областы - 97

Инфекциянын кесепетинен бир суткада беш адам көз жумган - экөө Баткен облусунан, үчөө Бишкектен. Республикада бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1118ди түзөт.

Он медицина кызматкери оору жуктуруп алгандардын тизмесине киргизилген - Бишкек шаарында 1 адам, Ошто - 3 учур, Чүй облусунда - 2 адам, Ош облусунда - 2 медицина кызматкери, Ысык-Көлдө - 1, Баткен облусунда - 1 учур.

Күндүз ооруканалардан 305 адам дарыланып чыгарылды.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх