Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги Театр аянтында вандалдар кайрадан пианинону сындырышты (сүрөт)

Бул жолу музыкалык аспап дагы көбүрөөк жабыр тартты

Театрдын коомдук багында белгисиз адамдар шаар бийлиги өткөн жылы шаардыктар үчүн орноткон пианинону дагы  сындырып кетишкен. Тилекке каршы, пианинону калыбына келтирүү мүмкүн эмес, анткени чон зыянга учураган. Аспапты дагы алмаштырууга туура келет.

Бишкек мэриясы укук коргоо органдарына арыз менен кайрылат.

Баса, жакында эле вандалдар пианинону бузуп кеткендер дароо кармалган. Бир айдан кийин алар жаңы пианинону орнотушту, анткени эскисин калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон эмес.

Урматтуу жарандар! Муниципалдык менчикке жана шаарга жакшы кам көрүүнү суранабыз. Эгерде сиз тартиптин бузулушуна күбө болсоңуз, анда дароо полицияга кайрылыңыз: 102.

 

 


Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх