Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 3-ноябрга карата COVID-19 жана пневмониянын 400 жаңы учуру катталды

Инфекциянын кесепетинен төрт адам каза болду

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жана пневмониянын 400 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек - ​​88
Ош - 9
Чүй облусу - 59
Ош облусу - 33
Талас облусу - 4
Нарын облусу - 7
Ысык-Көл облусу - 35
Жалал-Абад облусу - 97
Баткен облусу - 68

Бир күндө төрт адам каза болду - экөө Бишкекте, дагы экөө Баткен облусунда. Инфекциянын кесепетинен каза болгондордун жалпы саны 1159 адамды түзөт.

Ошондой эле, беш медициналык кызматкер COVID-19 оорусун жуктуруп алышкан - Баткен облусунда 3, Ошто 1, Чүй облусунда 1 дарыгер.

547 адам ооруканадан чыгарылды.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх