Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 4-ноябрга карата COVID-19 инфекциясынын 495 жаңы учуру катталды

Бир суткада 4 өлүм катталды

Кыргызстанда 4-ноябрга карата COVID-19 оорусунун 495 жаңы учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында - 150, Ошто - 17, Чүй облусунда - 78, Ош облусунда - 52, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда - 89, Баткен облусунда - 44 бейтап. Алардын арасында жети медициналык кызматкер бар.

Бир сутка ичинде 527 адам айыгып чыкты

Стационардык дарылоо 3437 бейтапты, амбулатордук дарылоо - 3771 бейтапты түзөт.

Бир суткада 4 өлүм катталды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх