Апрель революциясынын баатырларынын ысымдары жазылган Ак үйдүн тосмосунун бир бөлүгү калат
Сүрөт илинген такта эстелик катары сакталып калат
2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун ысымдары жазылган тизмелер илинип турган Ак үйдүн айланасындагы тосмонун бир бөлүгү бузулбайт. Бул тууралуу "Тазалык" ЖКнын басма сөз катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына билдирди.
Анын айтымында, стенд эстелик катары калат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 6-ноябрда шаар бийлиги Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы тосмону бузушууда.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз