6-ноябрга карата COVID-19дун 439 жаңы учуру катталды
Бир суткада 3 өлүм катталды
Кыргызстанда 6-ноябрга карата COVID-19дун 439 жаңы учурлары катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 166, Ошто - 17, Чүй облусунда - 55, Ош облусунда - 24, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 45, Жалал-Абад облусунда - 52, Баткен облусунда - 52 бейтап. Алардын бири медициналык кызматкер.
Бир суткада 512 адам айыгып кетишти.
3478 бейтап стационардык дарыланууда, 3615 адам амбулатордук дарыланууда.
Бир суткада 3 өлүм катталды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз