Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын милиция кызматкерлерине телефондо кантип туура жана маданияттуу сүйлөшүү керектиги айтылды

Милиция кызматкерлерине гендердик жана конфликтке сезимтал мамилени өз ишинде колдонууга үйрөтүлдү

АКШ Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “Милициянын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында милиционерлер үчүн тренинг уюштурулду. Программа 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын ИИМдин катышуусу менен “Эл аралык толеранттуулук үчүн” жана Saferworld фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Бул иш-чара 18-ноябрдан 20-ноябрга чейин Ош шаарынын аймагында өттү. Ага Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты. Тренингде пикир алмашуунун психологиялык механизми жана мыйзамченемдүүлүгү, ийгиликтүү пикир алмашуу үчүн зарыл болгон ыкмалар менен жөндөмдөр, ар кайсы категориядагы жарандар менен ИИОнун кызматкерлеринин профессионалдык меактешүүсүндөгү натыйжалуу пикир алмашуу ыкмалары, пикир алмашууда милиция кызматкерлеринин сүйлөө өзгөчөлүгү, милиция кызматкерлеринин телефон менен сүйлөөшүүнүн эрежелери жана маданий нормалары аталышындагы лекциялар окулду.


“Милициянын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоору коопсуздукту камсыздоону жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын күч-аракетине өз салымын кошот. Максаты- милициянын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана коомдун ортосунда ишенимдүү жана сый өнөктөштүктү бекемдөө үчүн шарттарды түзүү.


Долбоор төмөнкү багыттар боюнча иштейт: жергиликтүү коомдук-алдын алуу борборлорун материалдык жана техникалык жактан колдоо, тренингдерди өткөрүү, коомдун социалдык-экономикалык абалын талдоо боюнча маалыматтарды берүү, ишенимди бекемдөө боюнча окутуу, жаштар жана аялдар кеңешин өнүктүрүү жана алар билим, маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүлөрүн колдоо.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх