Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жарандарга учурдагы жеке турак жайлар үчүн жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жардам берет

Жеке турак-жай имараттарынын маселелери боюнча жарандардын 189 арызы каралып бүттү

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы боюнча Жер ресурстары башкармалыгынын жамааты 1999-жылга чейин жана андан кийин курулган учурдагы жеке турак жай имараттары үчүн жер тилкелерин легалдаштыруу боюнча жарандардын маселелерин чечет.

15 күндүн ичинде Жер ресурстары башкармалыгы комиссиялардын отурумдарын өткөрүп, анда жарандардын жеке турак жай имараттары боюнча 189 кайрылуусу каралды. Арыздардын көпчүлүгүндө оң чечим кабыл алууга мыйзамдуу негиздер бар.

Жакында, 20-ноябрда, үч үй-бүлө Бишкек мэриясынан токтом кабыл алышты, ага ылайык, алар өз турак-жайлары үчүн мыйзамдуу документтерди ала алышат.

Бул багыттагы иштер улантылууда. Белгилей кетсек, бүгүнтөн баштап шаар куруу жана архитектура чөйрөсүн көзөмөлдөгөн вице-мэр Уланбек Азыгалиев жер саясаты боюнча вице-мэр болот. Коомдук транспорттун ишин вице-мэр Азиз Алымкулов көзөмөлдөйт.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх