26-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 427 жаңы учуру катталды
Бир күндө вирус жуктуруп алган алты адам көз жумган
Кыргызстанда 26-ноябрга карата COVID-19 жана пневмония менен ооруган 427 учур катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Шаарлар жана аймактар боюнча оорулардын саны:
Бишкек - 179;
Ош —17;
Чүй облусу - 94;
Ош облусу -36;
Талас облусу - 13;
Нарын облусу - 2;
Ысык-Көл облусу - 35;
Жалал-Абад облусу - 23;
Баткен облусу - 28.
Бир суткада 439 жаран айыгыпчыкты. Стационардык дарыланууда 2861, амбулатордук дарылоодо 3832 бейтап бар.
Бир күндө 6 өлүм катталды. Өлгөндөрдүн жалпы саны 1251 адам.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз