Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке Казакстандан гуманитардык жардам келди (сүрөт)

Казакстан Республикасынын Президентинин атынан жөнөтүлгөн жүктүн жалпы баасы 400 млн

Бүгүн Бишкекке Казакстандан гуманитардык жардам жеткирилди - медициналык буюмдар жана шаймандар.

Ага "Тыныс" ААКсы чыгарган "Кокчетав-4П" жасалма өпкө дем алдыруучу аппараттардын 400 комплектиси, ошондой эле Алматыдагы «Dolce pharm» заводу жана Жамбылдын«Mega pharm» чыгарган 2 миллион медициналык маскалар кирет.

 

Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан берилди.

 

Гуманитардык жүктүн жалпы баасы 400 млн. Акциянын уюштуруучусу, Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги болгон. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери гуманитардык жардам алышты.

КР ӨЖИӨМдин басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх